​Өкмөт башчы Сапар Исаков Давоско жөнөп кетти

​Өкмөт башчы Сапар Исаков Давоско жөнөп кетти
22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:08

Өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган делегация Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн Давоско жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форумдун 48-сессиясы Швейцариянын Давос шаарында 22-25-январда өтөт.

Экономикалык форумдун алкагында өкмөт башчы башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуулары күтүлүүдө.

Давос форумуна быйыл 60тан ашык өлкөнүн жетекчилери, 1000ден ашык эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!