13-март: айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн

13-Март 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 13-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2 градус суук;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7 градус жылуу;

Нарында түнкүсүн -15…-20 градуска чейин төмөндөп, күндүз -2…-7 градус суук;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз +2…+7 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -5…-7, күндүзгү температурасы +1…+3 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!