Кыргызстандагы аба майдандар: кечээ жана бүгүн

Кыргызстандагы аба майдандар: кечээ жана бүгүн
26-01-2017

Өлкө аймагы боюнча жалпы 11 аба майданы болсо, аларды тогузу иштеп жатат. Алардын ичинен төртөөсү: Бишкек, Ош, Каракол, Чолпон-Ата жана Баткен шаарында жайгашкан аэропорттордун эл аралык макамы бар. Исфана, Жалал-Абад, Нарын, Казарман, Талас жана Караван шаарында жайгашкан аэропорттор регионалдык аба майдан болуп саналат. Учурда иштеп турган да, убактылуу токтоп турган өлкө ичиндеги бардык аба майдандардын дээрлик көпчүлүгүнүн айланасы калктуу конуштар менен курчалган.

Азыркы тапта Талас жана Кербендеги аэропорттордун лицензиясы кайтарылып алынып, вертодром катары гана колдонулса, "Нарын", "Казарман" аэропортторун пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелүү.

"Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропорттору гана канааттандырарлык абалда болбосо, калган бардык аэродромдор толук оңдоп-түздөөгө муктаж. Жарандык авиация агенттиги жакынкы жылдары Талас жана Кербен шаарларындагы аэропорттор таптакыр иштен чыгып калышы ыктымалдыгын эскертет.

Биз Кыргызстандын аймагындагы аэропорттордун тарыхы, бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу изилдеп көрдүк.

“Манас” эл аралык аэропорту Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан эски Бишкек аэропортунун ордуна курулган. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен эпостук баатыры Манастын аты ыйгарылган. Аэропортко самолет эң биринчи жолу 1974-жылдын октябрында конгон. 1975-жылы 4-майда аэропортто эң биринчи пландалган рейс Москва-Домодедового болгон. «Манас» аэропорту эски ордунан азыркы жайгашкан жерине 1981-жылы көчүрүлгөн.
"Манас" аэропорту менен эл жашаган пункттун ортосундагы аралык 1,5 чакырым деп көрсөтүлгөн. Аэропортко эң жакын турган Дача, Здоровье, Трикотажник, Су-874, Труд дачалары аэропорттон болжол менен бир чакырым алыстыкта турат.

Ош аба майданы Фергана өрөөнүндөгү эң чоң аба майдандардын бири. Ал 1962-жылы ишке берилген. Ош шаарынан 9 чакырым алыстыкта турат. Ош аэропорту эл аралык деген макам талабына жооп бербейт деген жүйө менен Жогорку Кеңештин бир катар депуттары Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен Мады айылынан жер бөлүп берүүнү демилгелеген.


Жалал-Абад аэропорту болсо шаардын ортосунан орун алып, айланасы бүт турак-жайлар менен курчалган. Аэропорттун алгачкы иши 1940-жылдары башталып, учуп-конуу тилкелери жана терминалдар 1975-жылы курулган. Стандартка туура келбегендиктен аэропорт 2014-жылдын октябрында өз ишин токтоткон. Учурда шаар тургундары Ош эл аралык аэропорту аркылуу учушат. Шаар бийлиги аба майданга жакын курулган үйлөрдүн баары мыйзамдуу экенин белгилейт.

Ысык-Көл (Тамчы) аэропорту 1975-1981-жылдары пайдаланууга берилген. Чолпон-Атадан 35 чакырым, Тамчы айылынан 5 чакырым ыраакта жайгашкан. “Ысык-Көл” аэропортунун тарыхында 1-жолу Бишкек-Тамчы-Бишкек багыты боюнча түнкү рейс ишке ашырылган. Аэропорт негизинен жайкы сезон эле учурунда өлкө аймагындагы жана чет өлкөлөрдөн келген эс алуучулардын келип-кетүүсүн камсыздайт.

Казарман аба майданынын тарыхы Макмал алтын кенин өздөштүрүү иштери башталган 1950-жылдарга барып такалат. Аба майдандын учуп-конуу тилкеси жана аэробекет имараты 1985-жылы курулган. Аэропорт деңиз деңгээлинен 1310 метр бийиктикте жайгашып, жүргүнчү өткөрүмдүүлүгү саатына 50 адам жана тилкеси 22 тоннага чейинки учактарды күндүзү гана кабыл алууга жарамдуу болгон. 20 жылдан бери токтоп турган Казарман аэропорту 1997-жылга чейин Ошко, Нарынга жана Жалал-Абад аркылуу Бишкекке такай учактар каттап турган. Аэропорт үйлөр менен аэропорт тосмосунун аралыгы 500 метрди түзөт.



Баткен аэропорту 1958-жылдан тарта иштей баштаган. 1960-жылы биринчи жолу Як-12 үч орундуу (бир учкуч, эки жүргүнчү) учак учкан. Жергиликтүү бийлик аба майдан менен турак үйлөрдун ортосундагы аралык 500 метр болгондуктан, жаңы аэропортту шаардын четине көчүрүу ниетинде. Бирок каражатка байланыштуу бул демилге ишке ашпай турат. Учурда аэропортто жумасына үч жолу ички каттам ишке ашырылат.



Талас аэропорту 1984-жылы ишке берилген. Талас шаарынын борборунан 500 метр алыста жайгашкан. 2013-жылы коопсуздук талаптарына ылайык келбегендиктен лицензиясы убактылуу алынган.

Аксы районундагы Кербен аэропорту 1982-жылы курулган. Кербен шаарынан 1500 метр алыста турат. Ал «Манас» эл аралык аба майданынын Ош шаарындагы филиалына карайт. Аэропорт 20 жылдан бери токтоп турат. Мурда Бишкекке, Жалал-Абадга, Ошко, Ала-Букага жана Каныш-Кыяга учактар такай каттап турган.

Исфана аэропорту 1974-жылы курулган. 22 тоннага чейинки учактар элди күндүзү гана тейлөөгө ылайыкташкан. Бишкектен Исфанага учуу убактысы – 1 саат 20 мүнөт. Учуу аралыгы – 545 чакырым. Аэропорт менен калк жашаган пункттун аралыгы 3 чакырым. Исфана аэробекетинен коңшу Тажикстандын жарандары да Бишкек аркылуу Орусияга учушат. 2002-жылы жабылып, бул аралыкта оңдоо иштери жүрүп, 2007-жылы кайрадан ички каттамдарды ишке ашыра баштаган.

Нарын аэропорту Нарын шаарынан 12, калк жашаган Кеңеш-2 пунктунан 2 чакырым алыста жайгашкан. Үзгүлтүксүз каттам аткарылбайт.



Каракол аэропорту шаардан 2,5 чакырым алыста жайгашкан. 1978-жылы пайдаланууга берилген. Союз урагандан кийин аэропорт иштебей калган. 20 жылдан кийин кайрадан калыбына келтирүү иштери жүрүп, 2011-жылы эл аралык маанидеген аэропорт деген статус берилип, кайра жанданды.

Назгүл Бостонбаева

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!