Белдемчиге суктанган чет элдик сулуулар (фоторепортаж)

Белдемчиге суктанган чет элдик сулуулар (фоторепортаж)
22-Март 2018, Бейшемби, 17:54

Бишкектеги Эмен багында “Белдемчи” аталышындагы этно-көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмөгө жергиликтүү дизайнерлер Нагиня Керимбекова, Аида Майташева, Нургүл Молдосанова, Чолпон Аламанова жана Зухра Мукамбетованын эмгектери коюлган.

Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын айтуусунда, аталган долбоордун башкы максаты - унутта калып бара жаткан улуттук кийимдердин бири белдемчини кайра жандантып, өнүктүрүү аны коомдун арасында жайылтуу. Ошондой эле салтуу билимди жаш муундарга өткөрүп берүү.

Чет өлкөлүк жаш бийкечтер кыргыздын белдемчисине суктана карашып, селфи кылышты.


Заманбап белдемчи оронгон кыргыздын сулуу кыздарынын фотолору да көргөзмөнүн төрүнөн орун алды.

Айта кетсек, экспозицияда 30дан ашуун ар кандай айымдарга тиешелүү болгон кийимдер коюлган. Анда заманбап стилде жаштарга ылайыкталып тигилген белдемчилер жана бир нече жыл мурда чоң энелерибиз тагынган белдемчилери да бар. Бул “Белдемчи” аталышындагы этно-көргөзмө 25-мартка чейин уланат.



Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!