​Атамбаев менен Жээнбеков, КСДПнын алдыдагы жүрүшү

​Атамбаев менен Жээнбеков, КСДПнын алдыдагы жүрүшү
27-Март 2018, Шейшемби, 19:18

Жакынкы күндөрдө же болбосо ушул айдын аяк черинде Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын (КСДП) курултайы өтүшү күтүлүүдө. Ал курултайдын күн тартибинде партиянын лидерин шайлоо каралары да күн мурунтан белгилүү болуп калган. Анткени, аталган партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак КСДПнын курултайында Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилерин билдирген. Себеби, Атамбаев 2011-жылга чейин бул партияны жетектеп келип, Кыргыз Республикасынын президенттигине шайлангандан кийин убактылуу партиянын лидерлигинен кеткен. Бул боюнча Алмазбек Атамбаевда президенттик кызматтан кеткенден кийин саясатта каларын, бирок премьер, спикер сыяктуу кайсы бир жооптуу кызматта эмес, КСДП иши менен алектенерин жана партиянын жаңыланышын, тазаланышын кааларын айткан эле.

Бирок, жакында өтчү КСДП партиясынын курултайында кандай маселе каралат экен деп саясатчылар да, коомчулук да аябай кызыгуу менен күтүп жаткан кези. Анткени, бул курултайдын арты менен кандайдыр өгөрүүлөр болуп, парламент мөөнөтүнөн мурда таркашы жана Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда тиреш пайда болгондугу тууралуу макалалар байма-бай жарыялана баштады.

Бул боюнча саясат тануучу Марат Казакбаев мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосунда тиреше тургандай негиз жок деп эсептейт.

«КСДПнын курултайында баары билинет. Ал курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаев эмне жөнүндө сүйлөйт, ошого жараша болот. Эгер ал депутат болом десе, анда сөзсүз парламентти таркатыш керек болот. Бул демилгеге Жогорку Кеңештин депутаттары макул болобу же болбойбу? Бул чоң маселе. Бирок, реалдуу карасак Атамбаевге бийликке келүүнүн кереги жок. Ал киши партия лидерлигине кайтып келүү менен, саясий чечимдерге таасир эте алат. Анткени, Атамбаевдин таасири азыр да күчтүү. Себеби, анын кадрлары республиканын бардык жеринде, аткаруу бийлигинде, парламентте отурат. Мындан улам партия лидерлигине келүү жетиштүү болот. Анын үстүнө өзү да президенттиктен кеткенден кийин КСДПга кайтып барып, партияны жетектеп, тазалайм деген. Ошондуктан ал кишинин бул багыт боюнча кеткени эле туура»,- дейт Казакбаев.

Ошондой эле анын айтымында, акыркы учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда тиреш болууга эч бир себеп жок. Айрым адамдардын кызматтан кетүүсү обьективдүү эле процесс. Аны түшүнүү менен кабыл алуу зарыл.

«Азыр маалымат каражаттарынан Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда тиреш башталды деп окуп жатабыз. Бирок, факты түрүндө эч нерсе жок. Жөн гана ушактар. Ал эми мындай маалыматтардын чыгышына кызматка келбей калган саясатчылардын да кызыкчылыгы бар»,- деп кошумчалады ал.

Ал эми дагы бир саясат талдоочу Бакыт Бакетаев парламенттин таркашына КСДП партиясынан мурда, эл өзү кызыктар. Ошондой эле аталган партия кийинки парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болуу менен бирге эле көпчүлүк коалицияны өзү түзүүгө аракет кылып жатат деген ойдо.

«Жогорку Кеңеш коомдогу болгон саясий архитектуранын күзгүсү. Коомчулук мына ошол архитектураны караганда күзгүдөн өзүн көрүшү керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө парламенттеги фракциялар коомдогу болгон архитектуранын күзгүсү боло абай калды. Мына ушундай маалда өнүккөн мамлекеттерге саресеп салсак, анда парламент коомдук күзгүсү болбой калгандан кийин алмашат. Ошондуктан КСДПнын лидери болуп Алмазбек Атамбаев келеби же келбейби, бир киши калаайбы же каалабайбы? Бул парламенттин таркашын бир киши чече турган иш эмес. Мына ошон үчүн саясий архитектура бүгүнкү күндө парламент менен калың элдин көз карашы, партиялык колдоолор бири-бирине айкалышпай калгандыктан эл өзү парламенттин таркашын талкуулап калды. Анын үстүнө президенттик шайлоодон кийин элдин калың катмарында саясий архитектура башкача түзүлүп калды. Ошондуктан эгер парламент тарайбыз десе, элдин 90 пайызы колдойт. КСДП партиясы мына ошону сезип, партия курултай өткөргөнү жатат. Мен ачык эле айтайын, айрыкча президенттик шайлоодон кийин аталган партияны колдогон адамдар бир топ көбөйдү»,- дейт Бакетаев.

«Ошондой эле КСДП партиясынын төрагасы болуп экс-президент Алмазбек Атамбаев келип калса, анда ал киши аталган партиянын уставындагы тартипке баш ийбеген, партиянын программасын колдобогон саясатчыларды тазалайт. Андан сырткары, бул партиянын атын жамынып кыңыр иштерге баргандар болсо, аларды аябайт. Бул сапар Атамбаев жаңылбайт. Ал эми азыркы учурда Жээнбеков менен Атамбаевди уруштурууну көздөгөн адамдарда бар. Бирок, алардын ойлогонундай болбойт. Себеп, алар 20 жылдан бери бир партияда, саясатта үзөнгүлөш болуп жүрөт»,- деп кошумчалап кетти ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!