Курулуш тармагындагы мыкты долбоор аныкталды

Курулуш тармагындагы мыкты долбоор аныкталды
28-01-2017

Бишкектеги №11 кичи районунун курулушу боюнча өткөрүлгөн сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкекархитектура” башкы башкармалыгынын жыйынында калыстар тобу “Бишкек шаарынын №11 кичи районун көп функционалдуу турак жай комплекси” курулуш долбоорунун концепциясынын жыйынтыгын чыгарышты.

Сынакка жалпы 13 долбоор келип түшкөн. Анын ичинен калыстар тобу 3 долбоорду жактырып, көпчүлүк добуш менен төмөнкү долбоордун жеңүүчүлөрү аныкталды:

1-орун 1983 шифр менен долбоордун авторлору Е. Васильева, Б.Кариев, Ю. Руденко.
2-орун 10011 шифр менен долбоордун авторлору Н. Мамбетказиев,
М. Эшимбаев.
3-орун 16045 шифр менен долбоордун авторлору жетекчиси У.Сасыкеев, архитекторлор: Н. Базарбаев, Бактыбек уулу Рысбек, А. Кускабаев,
Б. Турдугулов, Т. Эгизбеков.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!