2018-жылдын эң мыкты көз айнектери

2018-жылдын эң мыкты көз айнектери
5-Апр. 2018, Бейшемби, 13:32

Мода бир орунда турбай тургандыгы белгилүү. Анын бир өзгөчөлүгү, өзүн стилдүү көргөзгүсү келгендерге пайдалуу кеңештери сунуштап отурат. Ошондой эле, белгилүү стилисттер ар дайым майда-чүйдө нерселерге чейин маани берип келишет!

Мисалы, күндөн коргогон көз айнектер. Бир караганда алардын эч мааниси деле жок сыяктуу. Жаз мезгилинен башка айларда көп колдонулбай турган аксессуар дешиңиз мүмкүн.

Бирок, андай эмес. Андай ойлоого таптакыр болбойт. Туура эмес форма, күңүрт түс жана сапаты жок болсо көп учурда келбетиңизди бузуп, начар көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ушунун кесепетинен сиздин көрүнүшүңүз дагы саркеч болбой калат.

Ошону менен бирге өзүңүз тууралуу алгачкы пикирди туура эмес калыпташтырып аламбы деген коркунуч сезими ээлеп алары анык. Кимдин мындай абалда калгысы келет дейсиз? Ошондуктан, жолкоолонбоңуз — күндөн коргоочу көз айнек моделин тандоого аз гана убакыт бөлүңүз.

Белгилүү стилист Ванда Вог мындай дейт: «Көз айнекти туура эмес тандоонун кесепетинен туура эмес тандалган бут кийимге таасир берет– бул деген туура эмес тандалган сумка. Кийин көйнөк, андан соң айнектен жасалган аксессуарды да мойнуңуздан байкоо кыйын эмес».

Ошол себептен уялбаңыз. Көз айнек саткан дүкөн текчелерине жакын келип, өзүңүзгө жаккан моделди кийип көрүңүз. Баары оңой чечилип турган маалда кыйын жолду тандоонун кажети канча?

Эгер сиз өзүңүздүн тандооңузга күмөн санап турсаңыз, сатып алуу үчүн тура тандоо жасоого жардам берген жакын адамыңыз менен бирге барыңыз. Болбосо, сатуучудан кеңеш сураңыз.

Жана бир моделди дароо тандоого шашылбаңыз. Азыркы учурда мода үлгүсүнүн түрдүү эрежелери бар. Ошого байланшытуу сиздерге төмөндөгү видеонусунуштайбыз анда көз айнек тандоодо анча кыйынчылык жаратпас деген ойдобуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!