Кюлот шымдары бул жайдын хитине айланабы?

Кюлот шымдары бул жайдын хитине айланабы?
20-Апр. 2018, Жума, 15:40

Эгер сиз кюлот шымдарын көргөн болсоңуз, анда бул адаттан сырткары кийимден кайдыгер карай албайсыз деп ойлойм. Ушул шым түрүнүн пайда болушу менен дүйнөдөгү бардык кыз-келиндер эки лагерге бөлүнүштү: кээ бирөөлөр бул модалуу жана саркеч деп айтышса, башкалар күлкүлүү жана экстраваганттуу деп эсептешет.

Чындыгында кюлот-шымдары өзгөчө көрүнүп турат, бирок аларды башка кийимдер менен тура айкалыштыруу өтө маанилүү. Бул өнөрдүк кыр-сырын изилдегенден кийин, сиз бул модалуу кийимден күлкүлүү көрүнөм дебей, коркпой кийе аласыз.

Бул шымдардын стили кийинчерээк «кюлоттор» деп аталып, алгач өткөн кылымдын 30-чу жылдардын башында жарык көргөн. Модель теннис турнири үчүн атайы ойлоп табылган жана бир нече жыл англичан айымдарынын арасында өтө популярдуу болгон.

Андан кийин кюлот-шымдары узак убакыт бою унутулуп калып, 90-жылдары гана алар модага кайтып келди, бирок бир нече убакытка гана. Быйылкы жылы кюлоттор модадан артта калгысы келбеген ар бир кыздын гардеробунда болушу керек жана актуалдуу кийимдердин катарында орун ала баштады.

Сырткы көрүнүшү бир караганда кенен шымдар менен түз юбканы элестетип турат. Негизинен бул шымдардын бели узун же орточо болуп, узундугу тизеден ылдый түшүп турат.

Ал эми бул кюлот-шымдарын кандай айкалыштырып кийсе болот десеңиздер анда төмөндөгү сүрөттөргө көңүл буруңуздар:


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!