Ачык түстөгү кийим: жылуу мезгилге ылайык келет

Ачык түстөгү кийим: жылуу мезгилге ылайык келет
4-Май 2018, Жума, 14:51

Кийим адамдын социалдык статусу тууралуу гана кабар бербестен, ошол эле маалда табити жана маанайын да билдирип турат. Ачык түстөгү кийим кийген аялды карап анын маанайы жакшы экенин билсек болот. Албетте, андай кийимдерди күнүмдүк кийип жүргөн жеңил кийимдердин катарына кошо албабыз. Жана ошондой эле бул кийимдерди туура айкалыштырып кийиш керек. Ачык түстөгү кийимдерди эмне менен айкалыштырып жана жарашыктуу кылып кийсе болот?

Ачык түстөгү кийим күн жылыган мезгилге туура келет, себеби ал күнгө чагылышып өзгөчө көрүнөт. Аптаптуу ысык күндө да мындай кийим ыңгайлуу келет. Ошого байланыштуу ак кийимдерди жылуу өлкөлөрдүн жашоочулары жакшы көрүшөт. Бирок ага карабастан бир нече маанилүү нерсен эске алганыбыз жөн.

Ачык түстөгү кийимдер адамды визуалдуу түрдө толук көрсөтөт. Ак кийимдер адамдын фигурасын жакшы баса белгилеши мүмкүн, бирок кээ бир учурларда ак кийимден баш тартуу керек. Ага ак түстөгү бут кийимди да киргизсек болот. Ак түстөгү бут кийим бир аз бутуңузду кичирейтип көрсөтөт, андан боюңуз жапыз көрүнүшү мүмкүн.

Албетте, ак кийимдердин жардамы менен биз өзүбүздү сулуу көрсөткүбүз келет, бирок ага акцент бербестен, эң жакшы тандоо катары ак костюм жана сизге ылайык келген көйнөктү атасак болот. Мындан сырткары, ак кийим сатып аларда сизге жакканын эмес, сизге кандай отурганына көңул буруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!