Александра Перейрадан күнүмдүк стиль

Александра Перейрадан күнүмдүк стиль
27-Июнь 2018, Шаршемби, 16:29

“Casual chic” же болбосо күнүмдүк стиль

Анда жөнөкөйлүүлүк, жайлуулук жана жеңилдик биригет. Кеңсе кийиминин дресс кодунун эрежелери менен чектөөлөргө таянбаган кыз-келиндерге арналган стиль. Аны менен жуманын аягында классикалык шымдарды джинсы же болбосо жеңил шымдарга, көйнөктүн ордуна футболканы алмаштырып “жеңил образды” түзсөңүз болот.

Александра Перейра джинсыны туфли менен кроссовканы, көйнөктөр менен мыкты айкалыштырат. Ал күнүмдүк классикалык кийимди, ошондой эле , “Valentino”, “Chanel”, “Fendi”нин аксессуарларын “Zara”, “Mango” жана “H&M” кийимдери менен классикалык кийимди күнүмдүк образдар менен жарашыктуу көрүнүшкө ээ болот.

Джинсы- анын базалык гардеробунун негизги элементи болуп саналат. Чапташкан, кенен, чоң “бойфрендер” менен кюлоттор. Ак, көк, өңү өчкөн жана жыртылган. Такалуу бут кийим менен кроссовкалар. Көйнөктөр менен, футболкалар менен жана жакеттер менен джинсыны жарашыктуу кийип алат.

"lovely-pepa” блогунда джинсыны кандай элеганттуу жана стилдүү кийүүнү үйрөнө аласыз.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!