Трапеция -көйнөктөрү тууралуу

Трапеция -көйнөктөрү тууралуу
5-Июль 2018, Бейшемби, 14:14

Көйнөктү гардеобдун эң көп тараган жана эң кооз кийими деп атаса болот. Фасондун ар турдүүлүгү сиздин дене мүчөңүзгө жарашыктуу келген көйнөктү тандоого мүмкүндүк берет. Көйнөктөрдүн кандай фасондогу жана кандай мүнөздөгү турлөрү бар экенин караштырып көрсөк.

Трапеция-көйнөгү бизге алтымышынчы жылдардан бери келе жатат жана жөнөкөйлүгү үчүн эң сүйкүмдүү болду. Ийин жактары тар келип, ылдый жагына чейин кеңейип отуруп, ал денеге жеңил жана сезилбей отурат.

Бул көйнөк A-силуэтиндеги көйнөк менен окшошуп кетет, бирок мында бел жагы билинбейт. Ушул стильдеги кийим универсал деп аташат, анткени ал орто жаштагы айымдар менен жаш кыздарга жарашыктуу келет. Көпчүлүк учурда трапеция-көйнөктүн узундугу кыска келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!