Спорттук шымдар “лампас”

Спорттук шымдар “лампас”
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 17:08

Бул лампас шымынын четинде сызыктары бар спорттук кийим менен байланыштырса, азыр бул стилдеги шымдар жаңы түргө өзгөрүлүп, 2018-жылдын хитине айланды.

Бул шымдар мода кууган кыздарга өзүнүн ыңгайлуулугу жана модалуулугу менен белгилүү болду. Ал спорттук стиль менен да, классикалык үлгү менен да жараша берет. Лампас шымы деп анын четиндеги турдүү түстүү сызыктарды айтышат.

Мындай шымдар ыңгайлуу бомбер, “casual” көйнөк, классикалык көйнөк, тон, пальто жана булгары күрмө менен кийсе боло берет.

Ошону менен катар бул шым менен өзүңүзгө ыңгайлуу бут кийимди кийе аласыз. Ал башы ачык бут кийим, кеды, кроссовка, бийик такалуу бут кийим жана балетка болушу мүмкүн.

Аксессуар катары моюнга тагылган назик жоолук менен жана кичинекей сумка менен жарашыктуу кийип алсаңыз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!