Күзүндө кандай кийинген модалуу?

Күзүндө кандай кийинген модалуу?
7-Сен. 2018, Жума, 16:18

Элеганттуулукту жана назиктик чыныгы айымдардын ажарын ачып көрсөтөт. Акыркы жылдары өзгөчө белгилүү болгон минимализм стили белгилүү болууда. Минимализм-бул ашыкча деталдары жана түркүн түскө боёлбогон, мыкты сапаттагы материалдардын жөнөкөйлүүлүгү. Бирок бул деген ак-кара түстө гана кийинүү керек дегенди түшүндүрбөйт. Сиз өз образыңызда башка да түстөрдү колдоно аласыз, негизгиси алар көзгө урунган өтө ачык түстөө болбош керек. Ошол эле учурда эрежелерди кармансаңыз элегантуу гана болбостон, кымбат баалуу образга да ээ боло аласыз.

Минимализмдин башкы максаты — бул ашыкча деталдарды колдонбостон, жарашыктуу образ тартулоо. Бирок коркпоңуз бултажатма болбойт. Өз гардеробуңузду карап көрүңүз, сиздин минимализм образыңызга ылайык келген бир эки кийим табылат. Классикалык көйнөктөр, бир өңдөгү кыска көйнөктөр, кеңсе костюмдары, жөнөкөй жана кооз кечки көйнөктөр, пиджак, түрдүү түстөгү свиттерлер, бир өңдөгү футболкалар, классикалык шымдар, классикалык паьто, плащ жана башка дагы кийимдер жакынкы күндөрү сиздин образыңызды толуктап турмакчы.

Ошол эле учурда эскерте кетүүчү жагдай бул минимализм стили бир образда 2-3 төн ашык түстү айкалыштырууга болбойт. Мында бир түстөгүү же болбосо окшош өңдөр жакшы көрүнөт. Минималистикалык образды эң жакшы толуктоочу кошумчалар: жарашыктуу аксессуарлар, сапаттуу бут кийим, жөнөкөй чач жасалга жана табигый макияж жарашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!