Төрт мезгилге арналган жылуу күрмө

Төрт мезгилге арналган жылуу күрмө
21-Сен. 2018, Жума, 10:02

Кытайдын “Xiaomi” компаниясы баардык нерселерди чыгарат: электросамокаттан, акылдуу таштандыдан тартып, манжа издерин сканерлөө аркылуу ачыла турган эшик кулпуларына чейин. Алардын бул жылдагы дагы бир жаңылыгы туристтер үчүн кызыктуу болот.

“Runia Technology” компаниясы менен бирге, “Xiaomi” аялдар менен эркектерге ылайык келген, жылдын ар бир мезгилинде кийип жүрүүгө ыңгайлуу, жылуу күрмө ойлоп табышты. Анын ичинде жылытуучу каражат жана зымдар катылган – ал аркылуу батареяны кошууга болот.

Кандай иштейт?

Жылытуу функциясын ишке кошуу үчүн атайы баскычты басуу керек. Жылыта турган түзүм моюн менен бел тарапта орун алган. Ал эми жылуулук ал аркылуу бүтүндөй денеге тарайт. Күрмөдөгү датчиктер жылуулук берүүнү токтотуу керек болгондо белги берип турат.

Курмөнүн ичи каздын канаттарынан жасалган, анын сыртынан жаандан жана каардан коргоочу, суу киргизбей турган катмар менен капталган.

Күрмөнү +50 ° С чейин жылытса болот жана жылуулукту 8 саат кармап турат. Ал үчүн 10,000 мA-ч болгон батарея кубаттуулугу жооптуу болуп саналат.

Бул коопсузбу?

Өндүрүүчү смарт-күрмөлөр коопсуздук сынагынан ийгиликтүү өттү жана ысып кетпей турган айтат. Бул кийим ток тартуудан да корголгон.

Канча турат?

Жылуу күрмөлөр сатыкка Кытайда 15-октябрдан баштап чыгып, баасы 79 долларды түзөөрү белгилүү болду. Сатыкка анын 5 өлчөмү чыкмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)