Япон чач тарачынын сыры

Япон чач тарачынын сыры
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 14:59

Сеу Оцуки Токиодогу эң кымбат чач тарачтардын бири. Анын кызматы 59 доллардан жогору бааланат. Сеу Оцукинин өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлоп жатсаңыз керек. Көрсө ал адамдарды сулуу, жарашыктуу кылып чач кыркып берүү менен бирге, ал адамдардын өзүнө ишенүү тарабын ачып бере алат. Ошон үчүн Оцукиге ыраазы болгон кардарлар, ага кайра-кайра келүүдөн тажабайт.

Оцуки өз сөзүндө:“Адамдардагы чач стили абдан манилүү ролду ойнойт. Чачты туура кыркуу менен сиз аларга көрк берип, аларды жашартууга, бетинин формасын өзгөртүүгө, кемчиликтерди жаап жашырууга жардам бере аласыз”,-деп айтат.

Узун, кыска жана түрдүү түстөгү чачтар ар кандай символдорду билгизет. Мисалга, сары чач топтогулар дегенде, дароо эле Мерлин Монро көз алдыбызга тартылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!