Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?

Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
19-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 16:51

Эксперттер дүйнөгө белгилүү “Converse”, “Nike” жана “adidas” брендеринин бут кийимдери жасала турган материалдарды изилдешкен. Алар бут кийимдин ички жагынан жана таманынан изилдөө үчүн үлгү алып жана аларды беш күнгө жылуу жана караңгы жерге калтырышкан. Ушул аркылуу алар бактериялардын каyдай көбөйөөрүн текшеришкен.

Биринчи “Nike Air Force 1”дин ак жана кара кроссовкалары изилденген. Аппак болуп көрүнгөн бут кийим карага караганда катуу кирдеген. Жана бул бут кийимде бактериялар көп жыйналган.

Андан кийин адистер бут кийимди жылаң аякка кийгендин канчалык зыян экенин аныкташкан. “Converse” моделинин кроссовкасын байпаксыз кийген кезде бутта микробтордун саны тез көбөйөт экен.

Ал эми эң таза болуп машыгуудан кийин чечкен кроссовкалар таанылган. Ал эми эң көп бактериялар “adidas Munches” кроссовкасында жыйналган. Жана түнкү клубтан кийин бут кийимдерде көп микробтор болот экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!