Таасирдүү кийим бренддери белгилүү болду

Таасирдүү кийим бренддери белгилүү болду
26-Апр. 2017, Шаршемби

Мода өнөр жайындагы жетишкендиктери тууралуу кеп козгосок. “Brand Finance” консалтинг компаниясы таасирдүү бренддердин кийим-кечелеринин тизмесин жарыялады. Рыноктогу сатылуусун гана эмес, ошондой эле өндүрүштүн маркетинг салымдарын, бренд таанымалдуулугун, кийимдердин сапаты, кардардын канааттануусун камсыздоо жана компаниянын кадыр-баркын карап чыгып мыктылары тандалды.

Алсак, жакында эле 50 бренддердин тизмесин жарыялады. Анын ичинде үч ардактуу орунду “Nike”, “Zara” жана “H & M” компаниялары ээледи.

“Brand Finance” тизмеси боюнча алдынкы 10 таасирдүү компаниялар:

1. Nike, $ 32 млрд

2. H&M, $ 19 млрд

3. Zara, $ 14,4 млрд

4. Louis Vuitton, $ 13 млрд

5. Adidas, $ 10 млрд

6. Uniqlo, $ 9,6 млрд

7. Hermès, $ 8,3 млрд

8. Rolex, $ 7 млрд

9. Gucci, $ 6,8 млрд

10. Cartier, $ 6,7 млрд

Жыйынтыгында биринчи орунда “Nike” компаниясы ээлеп бир жыл ичиндеги кирешеси $32 млрд түзгөн. Ал деген өткөн жылга караганда 13 пайызга көп дегенди билдирет. Бул бренддин ийгилиги “плюс-сайз” жана спорттук хиджаб кийимдеринин аркасында келди деген да ойлор айтылууда.

Экинчи орунда ири масс-маркет болгон “H&M” компаниясы турат. Компаниянын кирешеси 19 млрд. долларды түзгөн.

Ал эми үчүнчү орунда “Zara” компаниясы 14,4 млрд доллар кирешеси менен жеткен. Бул жыл “Louis Vuitton”дун ($13 млрд) ордун ээлеп, мурдагыдай тизмедеги күчтүү кымбат бренд бойдон калууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!