Азербайжандын стил иконасы - биринчи канайым

Азербайжандын стил иконасы - биринчи канайым
12-Май 2017, Жума

Азыркы күндө АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп кандай кийинип жана канча каражат сарптаары жөнүндө баардыгы айтып жатат. Албетте анын кийинүү стили өзгөчө бирок башка өлкөлөрдүн да биринчи айымдарынын стилдери да көңүлдү бурдурат. Бул ирет Азербайжан өлкөсүнүн биринчи канайымы Мехрибан Алиеванын стилине көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз.

Февраль айынын аягында дүйнөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында Азербайжан өлкөсүнүн вице-президент төрагалык кызмат ордуна биринчи айымды дайындоо жөнүндө кабар тараган болчу. Дүйнөнүн тарыхында мындай болгон эмес!

Адамдарга башкаруучулук милдетти кыла турган айымдын эл алдында өзүн алып жүрүүсү менен жаркыраган сырткы айкалышы абдан таасир берет.

Балким, ал өзүнө бир аз ашыкча макияждан катачылык кетиргени менен кийим-кече кийүүдө - эч качан! Ооба, анын мода тарыхында барстын тондору (шуба) жана бут кийимдин ичине кыстарып кийген джинсы да болгон. Бирок, акыркы он жыл ичинде, Мехрибан - абсолюттук стилдин иконасы. Маалымат каражаттарына берген билдирүүлөрүндө Алиева мода ал үчүн - укмуш бир иш процесси, бирок андан ашпайт. Биринчи айым кийимдерден кара түстөгү классикалуу Карл Лагерфельд, Джорджио Армани жана Ральф Лорендин кийимдерин жактырат.

Албетте ал расмий иш чараларга кийилүүчү кийим эрежелерин сактайт бирок ошол эле маалда кызыксыз көрүнбөйт. Ар дайым модада бийиктикте болуусуна ага эмне жарашаарын түшүнүү жана сүйүктүү бийик такалуу туфлилери жардам берет.

Азербайджан элинин жана башка өлкөлөрдөгү калктын сүйүүсүн кооз көрүнүшү менен гана ээ боло алган жок. Ал үй-бүлө очогун 34 жыл өчүрбөй тутантып, акылдуу жана мээримдүү ошол эле маалда сулуу айым да болуп келет. Мехрибан Алиеванын байлыгы бул - үч баласы жана беш небереси бар. Буга кошумча И.М. Сеченов атындагы биринчи мамлекеттик медициналык институттун кызыл диплом менен аяктап, философия илимдеринин кандидаты илимий даражасын алганын кошо кетпесек болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!