Кечки гардеробту калыпташтырабыз

Кечки гардеробту калыпташтырабыз
19-Май 2017, Жума

Коктейль көйнөгү

Театрга, операга жана белгилүү бир дресс-коду бар ар түрдүү башка дагы иш-чараларга жакшы жарашат. Көйнөккө көйнөк окшобойт демекчи, өзгөчө театрга жумуштан кийин барган болсоңуз ойлонуу керек. Кеңседе люрекс, стразалар жана барчын жакшы көрүнөрүү күмөн. Ал эми жакшы, тизеден ылдый келген көйнөк ыңгайсыздык жаратпайт. Үстүнө пиджак кийип, же болбосо ийинди жапкан шарф сыяктуу жоолуктар жардамга келет.

Декольтеси бар көйнөк сыяктуу кечки көйнөктөр театр дресс-кодуна мыкты шайкеш келет. Бирок эсиңизде болсун: клубка кийген кыска көйнөктөр менен коктейль кечтерине арналган көйнөктөр арасында айырмачылык бар. Ушу айырмачылыкты эстен чыгарбаңыз. Көйнөк ультра кыска же болбосо авангарддык дизайнда болбошу керек.


Кечки көйнөк

Эгер сизди операнын, балеттин атактуу пианиночуга, композиторго, бийчиге арналган салтанаттуу кечтин ачылышына чакырса кечки көйнөксүз ал жакка бара албайсыз. Азыркы модада кечки көйнөктөр бир аз узун болгондугу болбосо, коктейль көйнөктөрүнө окшошот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!