Айланада романтика

Айланада романтика
22-Июнь 2017, Бейшемби

Сунуштагым келген биринчи эле образ- бул назик жана романтикалуу кыздын образы. Аны тузүү үчүн жайкы жеңил көйнөк, мисалы шифон кездемесинен тигилген болот. Оюлар милдеттүү түрдө гүл эмес,түрдүү түстөгү оюлар болушу мүмкүн.

Кыска көйнөктү башы ачык, такалуу бут кийим менен, эгер узун болсо таманы жалпак бут кийим менен айкалыштыруу керек. Аксессуарлардан ичке назик кулону бар чынжырчалар, сөйкөлөр дагы чоң жана өзүнө тартып тургандай болбошу керек. Ал эми чач жасалгага убара болбой коюуга да болот-жөн гана ийинге тушүп тургандай кылып, чачты жайып алуу гана жетиштүү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!