2017-2018-жылы тренд болчу 5 чач модели

2017-2018-жылы тренд болчу 5 чач модели
22-Авг. 2017, Шейшемби

2017-2018-жылдары күз-кыш сезонунда тренд болчу чач моделдерин көргөндө мурда көрүп жүргөн чач үлгүлөрүн көрүүгө болот. Бирок алардын баары өзгөчө стилдүү! Алдынкы кыш айларында тренд аталчу беш чач үлгүсүн сунуштамакчыбыз. Сиз дагы азыртадан баштап кайсы бир чач үлгүсүн тандап, стилдүү келишимге ээ болуңуз.

“Боб” үлгүсү


Боб чач үлгүсү “Balenciaga”, Celine” жана “Prada” мода көрсөтмөсүндө жаш жана динамикалык таасирге ээ болгон стиль түрү. Күнүмдүк жашообузда бул үлгүдөгү чачты жууп, кургатып, тарап гана коюу керек болот.

Суу толкуну

Табигый чач үлгүлөрүнөн болгон суу толкун модели "Dries Van Noten", "Jeremy Scott" жана "Isabel Marant" мода кечелеринде байкоого болот. Бул үлгүдөгү чач турүн жасап алуу эң оңой. Башты жуугандан кийин нымдуу чачты чогултуп, бир аз күткөндөн кийин жайып алуу гана керек. Болгону ушу!

Бөлүнгөн чач үлгүсү

Чачтын көпчүлүк бөлүгү бир тарапка бөлүнгөн чач моделин көптөгөн мода көргөзмөлөрүндө көрүүгө болот. Атап айтсак “Lanvin”, “Dries Van” , “Hermes” жана “Louis Vuitton” жана башкалар. Мындай чач моделдери суу толкуну, тармал же боб үлгүлөрү сыяктуу бөлүнгөн чач катары пайда болгон. Ал үчүн нымдашкан чачты экиге бөлүп, ошол бойдон кургатып коюу гана керек. Чачка арналган спрей колдонсоңуз да болот.

Бандана

Бандана дегенде ойго жай мезгили келиши мүмкүн, бирок кышында да бандана модага айланат. “Chanel”, “Gucci”, “Elie Saab” сыяктуу дефилелерде бандананы ар түрдүү чач моделине колдонулганын көрүүгө болот. Бандананы каалагандай байлап же тагып ала аласыз.

Тармал чач

Тармал чач алдыдагы кыш айларында да өз модасын жоготпой кала бермекчи. “Fendi”, “Marc Jacobs”, “Wanda Nylon” сыяктуу көргөзмөлөрдө көбүнчө күрөң чачтарга колдонулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!