Кийимдеги түстөрдү туура айкалыштыруу

Кийимдеги түстөрдү туура айкалыштыруу
5-Сен. 2017, Шейшемби

Кийинүүдө түстөрдү бири-бирине туура айкалыштыра билүү зарыл. Бул адамды модалуу жана стилдүү көрсөтөт, ал эми туура эмес тандоо сырткы келбетти бузуп коёрунда шек жок. Эсиңизде болсун, жакшы түс болбойт, сизге жарашкан түс болот.

Түстөрдүн мааниси

Кызыл - бул жашоонун түсү. Бул түс активдүүлүктүн, энергиянын, күчтүн, кайраттуулуктун, чечкиндүүлүктүн, сүйүүнүн, берилгендиктин, ошол эле убакта ачуунун, каардын белгиси. Астрологияда кызыл түс Марска тийиштүү. Кызыл менен актын айкалышуусу тазалыкты жана гармонияны билдирет. Ал эми кызыл жашыл менен чогуу болбоого тийиш. Анткени, мифологиядан алып караганда Венера (жашыл) Марстын (кызыл) аялы болгон жана ага Фобос (коркунуч) менен Демосту (ужас) төрөп берген.

Ачык кызыл - бул оптимизмдин түсү. Ачык кызылдын психологиялык күчү кызылдыкына караганда алсызыраак. Бул секелек кыздардын түсү болуп эсептелинет. Ачык кызыл таза сүйүүнү, назиктикти, жаштыкты, алсыздыкты, жагымдуулукту элестетет. Бул түстүн өзгөчөлүгү - адамды жумшартат. Дал ушул үчүн айрым өнүккөн өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө агрессивдүү кылмышкерлерди ачык кызыл түс менен боёлгон камерага камашат.

Сары - илим, байкоо жүргүзүү, анализ жүргүзүү менен байланышкан. Өзүнүн өзгөчөлүгү боюнча сары байлыкты, кыялды, фантазияны, күчтүүлүктү, кубанычты, кызганычты билдирет. Жагымсыз жагы - сары - бул убайым, санаа, ажырашуу. Ачык-сары түскө боёлгон жайда көп отуруу башты оорутат.

Ток сары - бул ден-соолуктун белгиси. Бул түс көбүнчө медицина менен байланыштуу. Өзүнүн сапаты боюнча энергиянын, кубанычтын, жылуулуктун белгиси. Ток сары менен каранын айкалышуусу - бул баатырдык, эрдик дегенди билдирет. Астрологияда бул Күндүн түсү. Ток сары менен көгүлтүр түстү айкалыштырууга болбойт.

Жашыл түс ден-соолуктун абалын түшүндүрөт. Психология боюнча бул көктүктү, туруктуулукту билдирет. Жашыл түс көбүнчө жан-дүйнө жабыркаганда, нерв чарчаганда колдонулат. Карта оюндары ойнолуучу столдун, бильярд столунун түсү бекеринен жашыл болбойт. Адамдын өзүн-өзү башкаруусунда, психикалык тең салмактуулукту кармоодо бул түстүн мааниси бар.

Көгүлтүр түс чындыктын, жандануунун белгиси. Ошондой эле бул түс - күнөөсүздүк, аманчылык. Астрологияда көгүлтүр түс Юпитердин белгиси болуп эсептелинет. Бул түстү баалаган балдардан эркиндик, камырабастык сыяктуу сапаттар көрүнүп турат.

Көк түс - акылмандуулукту, жооштукту билдирип турат. Астрология боюнча бул Сатурндун белгиси.

Сыя - түн, сыр, мистика ошондой эле кайгы, кырсык, карылык дегенди билдирет.

Кара - караңгылыкты, өлүмдү, аза күтүүнү, кыйынчылыкты, көңүлсүздүктү түшүндүрөт.

Күрөң - оор, орой катары кабыл алынат.

Ак түс - тазалыкты, күнөөсүздүктү, чындыкты түшүндүрөт.

Кийимде муздак жана жылуу түстөрдү айкалыштырууга болбойт!

Эгер сиз бир түстүү кийим кийгиңиз келсе, абайлаңыз: башыңыздан аягыңызга чейин жалаң кара, күрөң же боз кийсеңиз, бул түстөр сизди өтө эле капалуу кылып көрсөтүп коёт. Ак түс таасирдүү көрүнгөнү менен бат эле кир болуп калат. Ал эми башыңыздан аягыңызга чейин ачык түстү, мисалы, жашыл же ач кызыл түстүү кийем десеңиз, бул өзүңүздүн эле эмес, айланадагылардын нервине таасир этет. Андыктан, бир нече түстү айкалыштырып кийинүү сунушталат. Бирок, бул да эрежеси менен болууга тийиш. А эрежеси эң эле жөнөкөй. Жылуу түстөр жылуу түс менен, муздак түстөр муздак түс менен жакшы жарашат.


Жылуу жана муздак түстөр

Түстөр шарттуу түрдө жылуу жана муздак болуп экиге бөлүнөт. Буларды ажыратуу оңой: Суу, муз. Булар муздак. Демек, көк, көгүлтүр жана ушуларга жакын түстөр муздак болуп эсептелинет. Ал эми күн, от ысык. Демек, кызыл, сары, ток сары жана буларга жакын түстөр жылуу болуп эсептелинет. Ушуга жараша жаз жана күз мезгилдери жылуу түстөргө басым жасаган кийимдерди талап кылса, жай жана кыш муздак түстүү кийимдерди талап кылат.

Кимге кандай түс жарашат?

Ак түс - баарына жараша берет. Бир гана бетинин териси өтө эле кубарган аялдарга көп жарашпайт. Ак түстү башка бардык түстөр менен айкалыштырса болот.

Кара түс да бардык курактагы аялдарга жарашат. Ачык түстөрдүн баары менен айкалышат.

Сары түс кара чачтуу, кара-тору аялдарга жакшы жарашат.

Жашыл түстүү кийимдерди кара-торулар да, ак-саргылдар да кийсе боло берет.

Сары чачтуу айымдар жашыл түстүү кийимдерди кийсе жаңылышпайт.

Боз түс - жаш курагына жана келбетинин өзгөчөлүктөрүнө карабай бардык аялдарга туура келет. Бул түс өзгөчө кара жана кызыл түстөр менен жакшы жарашат.

Кызыл түстүү кийимдер кара чачтуу, тунук беттүү айымдардын түсү.

Көк жана көгүлтүр түстөр ак-саргыл аялдарды көркүнө чыгарат. Бул түстөрдү ак, боз кээде кара түстөр менен кийсе болот.

Күрөң чачтууларга сапсары жана кыпкызыл түстөр сунуш кылынбайт.

Сүрөттүү кийимдерди тандоодо бир эрежени эске алуу керек: туурасынан кеткен сүрөттөр айымды толук кылып көрсөтөт, ал эми кийимге тигинен түшүрүлгөн сүрөттөр тескерисинче арык кылып көрсөтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!