Бул сезондун тренди болчу “Миди” юбкалары

Бул сезондун тренди болчу “Миди” юбкалары
21-01-2017

Мини жана макси юбкалардын ортосунан келип чыккан миди юбкалары бул жылы гардеробдон орун алат.





Он жыл мурун мода болгон бул юбка кайрадан кайтып келип, айымдардын сүйүктүү кийимдеринин бирине айланат. Бирок ал убакта бел куру ичке болчу, азыркы убакта ал жоон болуп узундугу тизеден ылдый же тизеге чейин болот.





Ар бир айым өз дене түзүлүшүнө карата ылайыктуусун тандап алууга болот. Ал эми толук айымдар тандоодо этият болушуңуздар керек, анткени сизди толук көрсөтүп коюушу мүмкүн.





Аксессуар тандоодо минималдуулук болушу керек. Боюу кыскалар бул юбканы кийерде бийик така менен кийсе узун көрсөтөт. Эгер узун бойлуу болсоңуз жалпак бут кийим менен кийүү жарашыктуу болот.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!