Кюлот-жылдын тренди!

Кюлот-жылдын тренди!
20-Сен. 2017, Шаршемби, 15:07

Кюлот шымдары акыркы учурда кыз-келинчектердин сүйүктүү кийимдеринин бирине айланды. Бир кезде жалаң аристократтар менен байлар гана кийген кюлотту, тренчкот сыяктуу азыр көбүнчө шаардыктар жана талабы жогорулар гана кийет. Эң алгач кюлотту Эльза Скиапарелли 30-жылдары өз коллекциясында пайдаланган.

Кюлот деген эмне?

Кюлот — томуктан жогору болгон кыска, кенен шымдар. Анын подуимда саймаланган, жылмакай, принттүү, булгарыдан, замшадан, калың, жука кездемелерден тигилген түрлөрүн көрүүгө болот.

Кюлотту кайда кийүүгө болот?

Кеңсе стили

Күзүндө классикалык стилдеги жакет менен жана бир өңчөй түстөгү көйнөк менен айкалыштырууга болот. Бутка ботильон же такалуу туфли менен кийген жарашыктуу.

Smart casual

Көптөгөн дизайнерлер менен мода үйлерү бул стилди болушунча модалуу кылууга аракет кылышты. Мисалы, кюлотту, тренч менен, кимоно менен (оверсайз), свитшот менен, деним менен айкалыштыруу.

Бут кийимдерден платформа туфли, кроссовка жана ичке тумшуктуу балетка сунушталат. Күн суук боло баштаган кезде аны кыйгач жабылуучу куртка, жүн жемпир же свитер менен кийген оң.

Кюлот бою узун кыздарга сөссүз жарашат. Өтө кыска шым (шорты) кийүүдөн тартынгандар үчүн кюлот – алмаштыргыс чечим. Өзгөчө күндүн ысык маалында өтө ыңгайлуу.

Ал эми кыска бойлуу кыздар кийүүнү кааласаңыздар бийик такалуу бут кийим менен кийүүнү унутпаңыздар. Себеби кыска шым бойду андан бетер кыска көрсөтүп коюусу мүмкүн.

Дене мүчөлөрү "алмурт", "кум саат" болгондор жакет, көйнөктөрдүн сыртынан кур тагып, дененин сымбатуулугун ачып көрсөтө алышат. Ал эми "алмалар" менен "банандар" жамбашты бир аз жаап турган жакет, көйнөктөрдү кюлот менен мыкты айкалыштыра алышат.

Аксессуардан колго кроссбоди, мессенджер же болбосо рюкзак асынып алуу аркылуу образыңыз даяр болот.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!