Пальто жана спорттук бут кийимдин айкалышы

Пальто жана спорттук бут кийимдин айкалышы
3-Ноя. 2017, Жума, 15:29

Жылуу мезгилден суук аба ырайына алмаша баштаган учурдан тартып ар бирибиз гордеробдогу кийимдерибиз тууралуу ойлоно баштайбыз. Азыркы заманга шай келген актуалдуу трендер көзгө түшө баштайт. Алардын катарында пальтону спорттук бут кийим болгон кроссовка сыяктуу ультра-модалуу комбинация да кирет. Бул образ бир нече жыл мурда актуалдуу эмес жана жарашыксыз деп саналса, азыркы күндө чыныгы классикалык көчө стилине айланды. Модадан баардык нерсени күтсө болот.

Демек айкалыштырууга мүмкүн эмес деген образдарды бириктирип өзгөчө стилге ээ болууга мүмкүн. Саркеч стилдерди айкалыштыруунун өз эрежелери бар. Сиз жөнөкөй спорттук бут кийим менен айкалыштыруу үчүн кандай пальто тандооңуз керек? Мунун да бир нече ыкмалары бар:

Түз классикалык пальто

Бул моделдеги пальтону ар түрдүү спорттук бут кийим менен айкалыштырса болот.

Стейтмент пальтосу
Бул костюм, узун пиджакка окшош бизнес-костюм. Кроссовка менен айкалышканда бул түрдөгү пальто өтө катаал жана классикалуу көрүнбөйт. Спорттук бут кийим ага ага эркиндик менен тентектикти кошот.

Oversize

Бул стиль түрү бейформалдуу үстүнкү кийим бут кийим менен жыйынтыкталды.

Спорт-шик стилиндеги пальто

Көпчүлүк учурда “толстовка” кийимдеринин элесин берип турган бул пальто да спорттук бут кийимдер менен мыкты айкалышат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!