Британ байрагын айрып юбка тигишти

Британ байрагын айрып юбка тигишти
14-Ноя. 2017, Шейшемби, 13:15

"Италиялык “Dolce & Gabbana” мода үйү Лондондо аялдарга арналган “Alta Moda” кутюр топтомосун жана “Alta Sartoria” эркектердин мода коллекциясын сунуштады",- деп кабарлайт “The Telegraph”.

Чындыгында коллекциянын өзү жана көргөзмөнүн антуражы "Old Bond Street” көчөсүндөгү үйдүн дүкөнүндө өткөн көргөзмөдө британдык символдор – Улуу Британиянын “Union Jack” желегинен тартып Лондондогу «101 далматинец» фильмине чейин чагылдырылган.

“Alta Sartoria” деп аталган эркектер коллекциясы костюмдардан жана “Dolce & Gabbana”га таандык жеңил эксцентрикалуу флерден жасалган пальтолор сунушталды.

Италия мода үйү “Dolce & Gabbana” 1985-жылы түзүлгөн. Бренддин алгачкы бутиги 1986-жылы Миланда ачылган. Бренд кийим, аксессуарлар, парфюмерия жана косметика өндүрүшүнө негизделген. Бренддин белгилүү күйөрмандарынын арасында Мадонна, Стинг, Кайли Миноуг, Моника Беллуччи, Наоми Кемпбелл жана башкалар бар. Косметика жана парфюмерия өндүрүшүндө брендди пайдалануу укугу "Shiseido Group” тобуна таандык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!