Топуну стилдүү кийүүнүн жолдору

Топуну стилдүү кийүүнүн жолдору
28-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:22

Суук аба ырайынын келиши менен сиз сууктан кантип сактануунун, жылуу журүүнүн жолун ойлоно баштайсыз. Пальто, куртка, шарф, өтүк – мунун баары жакшы, бирок ар бир адамга керектүү дагы бир аксессуар бул-баш кийим. “Сулуулуктан жылуулук” демекчи бул кышта сулуу дагы, жылуу дагы жүргүңүз келсе анда бул кеңеш сиз үчүн .

1. Баш кийим кыш мезгилинин негизги атрибуту. Дизайнерлер бул жылы модалуу баш кийимдердин катары кандай кеп-кеңештерди сунуштайт десеңер анда төмөндөгү материалга көз жүгүртүңүз.


2. Баш кийим менен моюн орогучтун бирдей түстөө болуусу шарт эмес. Тескерисинче кайра кызыктуу көрүнүш тартуулайт эгер экөө тен эки башка түстө жана фактурада болгон болсо. Токулган жана чоң чачысы бар топулар бул кыштын саркеч баш кийимдеринин бири болмокчу. Ал күрмө жана пальтого менен кийгенде дагы жарашыктуу көрүнөт.

3. Бир өңчөй токулган топу- бул жөн гана стилдүү жана модалуу гана эмес, жылуу дагы. Суук күндөргө ылайыктуу кылып топу, мээлей кийип алыңыз. Түсү ар турдүү болуусу ыктымал. Бирок мода блогерлери нейтралдуу боз түстү сунушташууда. Жана бул баш кийим ар бир кийим менен айкалышып кете берет.

4. Баш кийимдердеги тоголок чачы жүндөн болсо дагы жакшы, себеби ал стилдүү, өзгөчө жана кымбат көрсөтөт.

5. Токулган ак түстөгү же ак саргыл топулар жыл сайын модадан калбай келет. Бул кышта дагы бул түрдөгү баш кийимди “марсал” өңдөгү күрмө менен айкалыштырууга болот.

6. Түстүү, ачык жаркын жана жалтырак өңдөрдү жакшы көргөндөр үчүн топу жана моюн орогуч шарфтарды –изумруд, индиго жана бордо өндөрүн тандашса болот. Ошол эле учурда бир образда бир нече өңдөрдүн болуусуна уруксат берилет. Мисалы, баклажан жана марсала, ультрамарин жана бирюза.

Эскерте кетүүчү нерсе, эч качан экиден ашык түстөрдү колдонбоңуз. Негизги кийимдер нейтралдуу өңдөрдөгү -пальто, джинсы шым, жемпир.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!