2018-жылдын эң модалуу түсү кандай болот?

2018-жылдын эң модалуу түсү кандай болот?
8-Дек. 2017, Жума, 10:55

“Pantone” изилдөө борбору келе жаткан 2018-жылдын башкы түсүн жарыялады. Ал түс “Ultra Violet” фиолет өңү деп аталды.

Эксперттердин пикири боюнча, 18-3838 өңү өзгөчөлүктүн символу, чыгармачылык изденүүлөргө шыктандырат деп билдиришүүдө.

Эске сала кетсек, быйылкы жылдын түсү “Greenery” жашыл-сары түсү деп да аталган эле.

2000-жылдан бери “Pantone Color Institute” эң мааанилүү өңдөрдү аныктоо менен алектенип келет. “Pantone” сунуштаган түстөрдү мода, косметология, индустриялык, графикалык жана интерьер дизайн тармагындагы адистер эске алышып, өз эмгектерине ишке ашырышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!