Майда мончоктордон шуру жасап үйрөнөлү

Майда мончоктордон шуру жасап үйрөнөлү
7-Март 2017, Шейшемби

Кыздардын кийим үлгүсүнө өзгөчөлүк жана назиктик берген кошумча буюм болгон бул - шуру. Жаз мезгилинде ачык түстүү шуруларды тагып алуу кийимиңизди толуктап гана койбой, көңүлүңүздү көтөрөт.

Сиздерге ачык түстөгү жана назиктикти берген майда мончоктордон шуру жасоо жолун сунуштайбыз. Шурудан түркүн жана жарашыктуу шуруларды жасоону үйрөнгүңүз келсе төмөндөгү нерселерди даярдап алыңыз.

Шуру жасоо үчүн 3-4 түрлүү түстүү майда мончоктор, кайчы, жип (силикон жип) ийне, клей, бири-бирин илип койчу каражат керектелет.

Шуру сиздин моюнуңузга жарашкыдай узундукта жип кесип алыңыз. Андан соң 4 жипке ачык түстөгү өңдөрдү тандап аласыз. Ар бир түстү үч жипке өткөрүп алып, эки жак башын түйүп байлап коёсуз.

Жогорудагыдай ыкма менен башка өңдөгү мончокторду да кайталап жасап чыгасыз.

Баардык түстөрдү жипке өткөрүп алгандан соң аларды төрт өрүм кылып өрүп чыгасыз. Төрт өрүм кылып өрүүдө бирөөсүн сыртка чыгарып, аны кайрадан кошуп отуруп өрүлөт.


Өрүп бүткөндөн кийин четин жип менен байлап коёсуз. Шурунун эки жагын клейлеп, атайын илип алма каражатты чапташтырасыз.

Мына ушундай ыкманын натыйжасында өзүңүзгө каалагандай мончоктордон кооз жана кийимиңизди стилдүү көрсөткөн шуру жасай аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!