Кышкы гардероб

Кышкы гардероб
16-Янв. 2018, Шейшемби, 15:30

Кээде көзүбүз кызыгып кийим сатып алып, аны айкалыштыра албай же болбосо ар күн сайын кийе албай, гардеробдо кийилбей калып калган күндөр болот. Ар бир кыз өзүнө базалык гардероб түзүп алгандын пайдасы көп.

Базалык гардеробко кирген кийимдер бир өңчөй түстөгү жана классикалык формада болушу керек. Ошондо гана баардык кийимдер бири-бири менен жакшы жарашып калат. Ал эми кышщкы базалык гардеробко келе турган болсок, жогоруда айтылган талаптар менен бирге алар дагы жылуу болушу керек.

Свитер (топ)

Милдеттүү түрдө узун жеңдүү свитер болуш керек. Бул түрдөгү кийимге өзгөчөлүк киргизиш үчүн бир нече көйнөк болгону жакшы. Көйнөктөрдү кардиган менен же жемпир менен айкалыштыра аласыз. Кардигандын токулганы, свитер жука трикотаждан жана моюну тоголок болсо жакшы.

Шым

Жылуу бир джинсы шым алыңыз. Аны кышында да, жаз айынын башында да кие аласыз. Ал кою көк жана бир өңчөй түстө болуусу кажет. Андан кийин милдеттүү түрдө бир түз классикалык шым да тийиш. Башка кийимдер менен жеңил айкалыштыруу үчүн анын көк же кара түсүн жана ичи жылуу болгон түрүн тандаңыз.

Юбка менен көйнөк

Көйнөктүн тизеге чейин түз токулган түрүн сунуштамакчыбыз. Аны жакет менен жана кардиган менен айкалыштырууга болот.

Юбканын миди узундуктагы тик же болбосо кенен түрү жакшы.

Күрмө

Кышында бир жылуу сырткы кийим болсо жарайт. Кыш мезгилине жүндүү (мех) болгон күрмө же дубленка ыңгайлуу болот. Ошону менен бирге драп пальто да тандаңыз. Жаш кыздарды жаш көрсөткөн парка күрмөлөрү да жакшы жарашык берет.

Бут кийим жана аксессуарлар

Базалык гардероб тууралуу кеп козгогондо, такалуу бут кийимден баш тартууга кеңеш берип келишет. Кышкы базалык гардеробко такасы бар өтүктөр таптакыр керек эмес. Анын ордуна жылуу батиңка, боосу бар кышкы өтүк же тизеге чейин өтүктөрдөн тандаңыз.

Кыштын негизги аксессуарлары болгон баш кийим, мээлей жана шарф туралуу да унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!