“Dolce & Gabbana” көргөзмөсүнө дрондор чыкты

“Dolce & Gabbana” көргөзмөсүнө дрондор чыкты
27-Фев. 2018, Шейшемби, 16:20

Италиялык “Dolce & Gabbana” мода үйү Миланда жабык кече көргөзмөсүн уюштурду. Бул жолу моделдердин ордуна дрондор көргөзмө уюштурушту.

Кеченин жылдыздуу коноктору акыркы мүнөттөргө чейин мындай болоорун кутүшкөн эмес жана 45 мүнөт анын башталышын күтүшкөн. Себеби “Wi-Fi”ды өчүрүү үчүн бир топ убакыт кеткен. Уюштуруучулар акыркы мүнөттөргө чейин залдагы коноктордун смартфондорундагы интернет байланышын өчүрүлүшүн дыкат текшеришкен.


Андан соң шоу башталып, бир аз күйүп жанган шамдар менен кооздолгон дрондор Кендрика Ламардын «Бардык жылдыздар» ("All the Stars") композициясынын коштоосунда учуп чыгышкан.

Дрондорго кийимдерди ишенип тапшыруу кыйын болгондуктан алар жалаң гана сумкаларын көрсөтүшкөн.

Спектакль бир нече мүнөткө гана созулуп, бүткөндөн кийин адаттагы модельдер подиумга чыгышкан. Бирок кеченин эң эсте калчу мөөнөтү албетте дрондордун “өтүүсү”болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!