2018-жылдын башкы түсү

2018-жылдын башкы түсү
2-Март 2018, Жума, 11:47

Башкы түс тандоо боюнча “Pantone” институту 2018-жылдын түсү катары ультра күлгүн (ультра фиолет) түсүнө токтолушкан. Ар түрдүү тармактагы он эксперт – тамак-аштан баштап модага чейин – бул түстү ушул жылдын башкы түсү деп кабыл алышкан.

“Pantone” түс институтунун жетекчиси Леатрис Эйсмандын билдирүүсү боюнча, ультрафиолет дүйнөдө болуп жаткан окуяларды ачып көрсөтөт жана ошол эле маалда жакшы нерсеге карай өзгөрүүнү билдирет.

Көптөгөн дизайнерлер, ошонун ичинде “Moschino”, “Elie Saab”, “Gucci”, “Balenciaga” жана “Marni” “Pantone”дун чечимин алдын ала болжошкондой чыкты. Эскерте кетсек, 2017-жылдын түсү деп жашыл түс аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!