Бархат юбкаларынын топтому

Бархат юбкаларынын топтому
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:35

Бархат кездемесине болгон суроо-талап дагы деле өчпөй келет. Бархаттан тигилген кийим модага айланат, ал болгону кечки иш-чараларга гана эмес, ошону менен бирге күнүмдүк жана кеңсе “look”a да айкалыштырып кийүүгө болот. Дизайнерлер бархат юбкаларына өзгөчө стиль тартуулап, сунушташууда.

Балким сиз таң калат чыгаарсыз бирок бархат юбкасы джинсы сыяктуу ыңгайлуу болот.Жумуш үчүн максималдуу юбка же болбосо миди юбкасын кийиңиз, андан кийин презентацияга барыңыз – ар кандай образды ачып бере алат.Ошондой эле ылдый жагыңыз бархат болсо, жогорку жак ар кандай икийим менен айкалыша берет.

Ал эми түскө келе турган болсок кара классикалык жана боз түстөрү модада. индигонун терең түстөрүнө, каныккан изумруд же бордо түстөрүнө артыкчылык бериңиз. Өрүк, сары, зайтун тондордогу түстөрдөн алыс качпаңыз. Узундугу ар турдүү болушу мүмкүн, ал эми фасонго келсек юбка-карандаш, максималдуу узундуктагы жана «күн» юбкалары жарашыктуу болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!