Металлик юбканы кандай айкалыштырып кийсе болот?

Металлик юбканы кандай айкалыштырып кийсе болот?
22-Март 2018, Бейшемби, 15:56

Металлик кийимдерди жалаң гана кечелерге кийүүгө болот десеңиз жаңылышасыз. Анын ичинде металлик өңдөгү юбканы тандоого болот. Аны кандай кийимдер менен айкалыштырып жарашыктуу кийсе болот?

Ак футболка менен кеды

Назик жана ыңгайлуу сезингиңиз келсе, металлик өңдөгү юбканы кеды менен айкалыштырыңыз. Анын классикалык ак-кара түрү да жараша берет. Бул кийим үлгүсүндөгү кеданы бийик такалуу туфлиге алмаштырып, кандайдыр бир аксессуар тагып алуу аркылуу аны кечки кийим үлгүсүнө айлантууга болот.

Гранж

Орой гранж стили каныккан түстү металлик юбка менен башкача көрүнөт. Кара свитер менен каныккан түстөгү металлик юбканы тандоого болот. Ал эми бут кийим башка түстө болсо да болот.

Классикалык көйнөк

Эркектердин классикалык көйнөктөрүнө окшогон көйнөк тандаган оң. Металлик юбканын пайетка менен кооздолгон түрүнө маани бериңиз. Мындай кийим үлүсү менен кайда барарыңызды бут кийим түрү чечет.

Свитер

Жаздын алгачкы айларында металлик юбканы оверсайз свитер менен кийүүгө болот. Бул калыпташкан тренд болып саналат. Свитердин жазга ылайыктуу түстөрүн тандооңуз гана керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!