Үй өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн 3 себеби!

Үй өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн 3 себеби!
26-01-2017

Гүлдөр бөлмөгө бир гана кооздук тартуулабастан, алар ден соолуктун чың болушуна да өздөрүнүн салымдарын кошушат. Башкача айтканда, бөлмө гүлдөрүн "унчукпас доктурлар" деп коюуга болот. Мына ушундай, ден соолукка эң көп пайда алып келүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн 3 себеби кайсы?

Абаны тазалайт

Өсүмдүктөр көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип алып, кычкылтекти бөлүп чыгараарын ар бир эле мектеп окуучусу билет. Үйдөгү синтетикалык материалдардан чыккан уулуу заттарды жутуп алат. NASAнын Эл Аралык Космос бекетинде абаны тазалоо үчүн өсүмдүктөрдү пайдаланаарын билдиңиз беле? NASAнын изилдөөчүлөрү бул ыкманын пайдалануу менен бир чарчы метрге эң аз дегенде бир гүл өстүрүүнү сунушташууда.

Өсүмдүктөрдүн пайдасы

Эртең мененкисин тамактанууда жаңы үзүлгөн авакадо же болбосо ичүүчү чайыңызды таттуу кылуу үчүн барбарис жалбырактарын кошуп ичсеңиз, жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Ошондой эле авакадо, банан, ананас, инжир багы сыяктуу лимон багы да жапыз өскөндүктөн аны үй шартында өстүрүүгө болоорун билесизби? Лимондун мөмөсү гана эмес, жалбырактары да пайдалуу касиеттерге ээ. Анда 50дөн ашык баалуу заттар бар. Лимон өскөн бөлмөнүн абасы дайыма 100 пайыз таза турат. Ал эми мындай абада оору козгогуч микробдор көбөйө алышпайт.

Нерв системасын калыбына келтирет

Өсүмдүктөр жандуу зат болгондуктан айланасындагыларга жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Бөлмөнү кычкылтек менен камсыз кылууну, абаны нымдоону дал ушул бөлмө гүлдөрү өз "моюндарына" алышат. Жашыл түс нерв системасына оң таасир тийгизээрин психологдор алда качан далилдешкен. Ал чарчоону, чыңалууну жазып, адамды тынчтандырат. Ошондой эле жашыл түс компьютерде иштөөдөн чарчаган көздү эс алдырат. Ал эми бөлмө өсүмдүктөрүнүн кызыл түстө ачылган гүлдөрү активдүүлүктү жогорулатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!