Макарон жүрөккө зыян

Макарон жүрөккө зыян
28-Март 2018, Шаршемби, 13:43

Милан окумуштуулары макарон азыктарын пайдалануу айымдардын жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна алып келерин аныкташты. Тажрыйба жүргүзгөн изилдөөчүлөр 47 миң эркек менен аялдын диеталарынын өзгөчөлүктөрүн салыштырып көрүшкөн. Изилдөөчүлөр алардын медициналык карталарындагы маалыматы дагы болгон.

Жыйынтыгында макарон азыктарын пайдаланган аялдар ушул эле тамакты жеген эркектерге карганда жүрөк оорусунан эки эсе көп зыян тарткандары байкалган.

Изилдөөчүлөрдүн оюу боюнча, макарон азыктары организмде сиңирип жетишпейт. Ошонтип кандагы канттын көбөйүшүнө алып келет экен.

Аялдардын организминде эстрогендин аракети менен кандагы глюкозанын деңгээли көтөрүлүп, активдүү болот. Ошондуктан, макарон азыктары көп пайдалануу аялдардын ден соолугуна зыян.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!