Вазелин чач боёгон кезде терини коргойт

Вазелин чач боёгон кезде терини коргойт
17-Апр. 2018, Шейшемби, 10:43

Чач боёгондо кулак, моюн, чекеге боёк тийип кетсе, кетирүү кыйын экенин кыздар жакшы билишет. Өзгөчө, боёк кара түстү болгон кезде ого бетер иш кыйындайт. Ошондуктан кийинкиде чач боёрдун алдында териге вазелин сүйкөп алсаңыз, ага тийип кеткен боёктон тез арыласыз.

2. Бетти боёгондо ийгиликсиз болуп калса колдонуңуз. Макияж жасаганда ойдогудай чыкпай калган кездер болот. Ошол учурда баарын жууп, башынан кайра баштоо шарт эмес. Кебез таякчасына вазелин сүйкөп, ашыкча жерлерин өчүрүп салыңыз.

3. Кирпикти узартат. Эгер кирпигиңиз калың жана узун болсун десеңиз, түндө жатар алдында кирпигиңизге калың кылып вазелин сүйкөңуз. Жумасына үч ирет кайталап сүйкөп турсаңыз, бир айда оң натыйжасын байкай аласыз.

4. Атырдын жыты көпкө сакталсын десеңиз. Сүйүктүү парфюмуңузду териде болушунча узак сакталуучу үчүн , кулактын түбүнө, билекке жана башка атыр чача турган жерге бир аз гана вазелин сүйкөп коюңуз. Ошондо атырыңыздын жыты күнү бою жыттанып турат.

5. Тери оорусу. Медициналык тажрыйбада вазелин майы сырткы колдонуучу дары катары (тамчы, мазь) кодонулат. Ал эми териге байланыштуу кыйын маселелер жаралса, ооруга тийиштүү дары-дарымек алып, вазелин менен жакшылап аралаштырып, териңизге сүйкөңүз. Бир нече убакыттан кийин тери ооруларынан айыгасыз.

6. Сасык тумоо менен ооруганда. Сасык тумоолоп көпкө чейин ооруганда, мурундун тегерегиндеги тери кызарып калат. Ушул маалда вазелинди мурдуңузга сүйкөсөңуз, ушул көйгөйдөн тез жана оңой арыласыз.

7. Сөйкөнү орутпай тагууга жардам берет. Сөйкөнү бир канча убакыт такпай журө берсе, кулактын тешилген жери бүтөлүп калат эмеспи. Ошондуктан сөйкөнү тагардын алдында кулак ооруйт. Катуу оорубасын десеңиз, калыкка вазелин сүйкөп, бир аз кылакты ушалап алып, тагыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!