Жакшы жүгөрү тандагыңыз келсе...

Жакшы жүгөрү тандагыңыз келсе...
20-Апр. 2018, Жума, 14:59

Жакшы жүгөрү тандагыңыз келсе, төмөндөгү нерселерге көңүл бөлүңүз. Жаш жүгөрүнүн дандарынын түсү ачык сары, сабагы өтө чоң да, узун да эмес, дандарынын катары бир калыпта жана катуу болушу керек.

Эң алгач жүгөрүнү жакшылап жууп, тазалап алыңыз, таза жалбырактары ошол бойдон кала берсе болот, себеби алар жүгөрүгө өзгөчө жыт жана даам берет.

Катуу болуп кетпеш үчүн жүгөрүнү тузу жок кайнатышат.

Өзөгүн тамак катары колдонууга болбойт.

Аны чуңкур жана калың болгон, капкагы бар идишке кайнатып алган жакшы. Суу жүгөрүдөн бир нече сантиметр ашып турушу кажет. Мешке коюп 10-2 мүнөт, ылдам кайнаткычта (скороварка) 5-10 мүнөт кайанатасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!