Аблютофобияны кандай жеңсе болот?

Аблютофобияны кандай жеңсе болот?
23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 12:05

Фобия деген адамдын башкаруусунан сырткары коркунуч сезими. Адамдардын караңгыдан, өлүмдөн коркуусу көнүмүш жагдай. Ал эми суудан, чөгүп кетүүдөн коркунуун себеби эмне болушу мүмкүн?

Сууга деген коркунучту илимий жактан “аблютофобия” деп аташат. Аблютофобиядан зыян чеккен адам жуунгандан, кир жуугандан, сууга кирүүдөн – суу бар жерлердин баардыгынан коркот. Керек болсо жуунучу бөлмөгө кирүүдөн коркондор да кездешет. Фобиянын бул түрү эркектерге карганда аялдарда жана балдарда көп кездешет. Суудан коркуу белгилүү бир окуяга байланыштуу келип чыгат.

Жаңы төрөлгөн бала сууга түшургөн кезде абай болуш керек. Аблютофобиясы жок балдарды сууга туура жуунтпагандын кесепетинен суудан коркутуп алууңуз мүмкүн.

Аблютофобияны алдын алуу, дарылоо чараларын жүргүзүүнүн өтө маанилүү экенин айтпаса да түшүнүктүү. Себеби, адам суусуз өмүр сүрө албайт. Күнүмдүк турмушта гигиенаны сактоо, бөлмө тазалыгы менен кир жуу, тамак жасоо, жууну – бардыгы суу менен байланыштуу. Керек болсо жамгырлуу аба ырайы да суудан корккондорго ыңгайсыздык жаратат.

Аблютофобиядан кантип арылса болот?

Эң алгач эле психологдун жардамы кажет. Психолог адистер фобиянын эмнеден улам келип чыкканын аныктагандан кийин, тийиштүү чаралар колдонулат. Коркунуч ар турдүү жагдайларга байланыштуу калыпташат: бала кезде сууга тумчугуп калуудан, кайыктан кырсыктап калган сыяктуу жөнөкөй окуялар да аблютофобиянын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн.

Психологдор аблютофобияны алгачкы дарылоо чараларын психологиялык ишеним, өткөн өмүрдү талкуулоодон баштайт. Сууга жыпар жыт, жагымдуу заттарды кошуу аркылуу зыян чеккен адамдын боюна суу тууралуу жакшы пикир калыптандырышат. Эгер дарылануучу коркунучун жеңе албаса, аны гипноз жасоо аркылуу же тынчтандыруучу дары-дарымектин жардамы менен дарылайт.

Аблютофобияны азыркы учурда когнитивти-бихевиористик терапия аркылуу дарылай башташты. Бул терапиянын өзгөчөлүгү – адамдын булчуң эттерин тынчтандырып, коркунуч сезимин басууга негизделген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!