Уйкуңуз канбай калса сергек жүрүш үчүн

Уйкуңуз канбай калса сергек жүрүш үчүн
24-Апр. 2018, Шейшемби, 16:17

Уйкубуз канбай калган күндөрү эс-мас болуп, денебизди оор нерсе басып тургандай сезимде болобуз. Бирок уйку канбаса да, денени сергек кармоонун жолдору бар.

Муздак суу менен жуунуу

Бул ыкма уйкуну ачууга, кан айланууну жакшыртууга жардам берет. Эгер толук жуунуга мүмкүндүк болбосо, бутту муздак сууга салып, жыпар жытуу самын менен жууңуз.

Суюктук көп ичиңиз

Газы жок минералдуу суу менен табигый жемиштер суусундуктары жардамга келет. Эгер жемиштерди өз колубуз менен суусундук жасап ичсеңиз, эң жакшы болот. Чоң стаканга суу толтуруп, ар бир 10 мүнөт сайын 2-3 жутум суу ичип отуруңуз. Суу таза, кошулмасы жок болуш керек.

Эртең мененки тамак

Уйкуңуз канбай, ордуңуздан сүйрөлүп тургандан кийин, күнү бою сергек жүрүш үчүн эртең менен тамакты жакшылап ичип алыңыз. Сүт кошулган ботко, жер-жемиш жеңиз. Бирок тоюп жебеңиз. Мындай учурда тамакты тоюп жесеңиз, кайрадан төшөккө жаткыңыз келип турат.

Таза абада жөө басуу

Таза абада сейилдөө баарынан жакшы. Жөө басып, таза абаны терең дем алыңыз. Бир нече ирет көнүгүү жасап жиберсеңиз да ашыкча болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!