Орозо өмүрдү узартат

Орозо өмүрдү узартат
3-Май 2018, Бейшемби, 10:04

Орозо кармап ооз бекитүү өмүрдү узартып, стресс жана кант диабети сыяктуу ооруларды алдын алаары аныкталган. “Proceedings of the National Academy of Sciences” аттуу журналда жарыяланган кабарда, жасалган изилдөөлөрдүн натыйжасында эки күндө бир тамак берилген жаныбарларда, системалык түрдө бирок аз тамак берилген жаныбарларга караганда стресске аз кабылып, кандагы кант жана инсулин деңгээли бир калптуу болоору аныкталган.

АКШнын Мэриленд аймагындагы (NIH) Улуттук ден-оолук сактоо Институтунун окумуштуусу Марк Матсондун жетекчилик кылган тобу эки күндө бир орозо кармоо менен аз тамактануунун таасирин салыштыруу үчүн сынак жүргүзгөн.

Матсон мурун жасаган сыноолорунда берилген каллория өлчөмүн үчтөн бирин түшүргөндө жаныбарлардын абалы жакшырганын билдирген. Ал эми жасалган жаңы сынактагы эки күндө бир жолу орозо кармоонун таасири андан да таасирлүү болгондугун маалымдаган.

Бул топ мурун жасаган изилдөөлөрүндө системалуу аз тамактануу жаныбарлардын паралич жана Паркинсон менен Альцгеймер сыяктуу неврологиялык ооруларга аз чалдыккандарын аныкташкан эле. Матсон системалуу аз тамактангандарда да орозо кармагандар да мээнин нерв клеткаларынын чоңоюсу жана көп жашоону камсыз кылган “BDNF” (Brain-Derived Neurotrophic Factor) затынын бөлүнгөндүгүн билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!