Сууда сүзө алган адамдар акылдуу болушабы?

Сууда сүзө алган адамдар акылдуу болушабы?
19-Июль 2018, Бейшемби, 10:17

Бала сууда сүзүүнү канчалык тез үйрөнсө, ошончолук акылдуу болоору аныкталды.

Мындай жыйынтыкка изилдөө иштерине 3 жыл убактысын арнаган австралиялык окумуштуулар келип жатат. Илимий жумуш сууда сүзүү баладагы чыгармачылык касиеттерди ойготуудагы таасирин аныктоого багытталган. Ушул максат менен изилдөөчүлөр алгач 3-5 жаштагы бала тарбиялап отурган 7 миңге жакын ата-энеден маек алган. Андан кийин 180 баланы атайы тесттен өткөрүшкөн.

"Изилдөөдөн кийин сүзгөндү эрте үйрөнгөн балдардын тез ой-жүгүртөөрү аныкталган. Булар суудан корккон курдаштарына карганда, зээндүү жана зирек болушат. Ошондуктан балдарга эртерек сууда сүзгөндү үйрөтүү керек деп ойлойбуз. Балдарыңыз сууда өзүн-өзү кармаганды канчалык тез үйрөнсө, чоң жашоого ошончолук тез көнүп кете алат. 180 баланы изилдеп көрүп, алардын мээсинин өтө катуу өнүккөнүн аныктадык", - деди жобонун жетекчиси Робин Йоргенсен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!