Туфли тар болсо

Туфли тар болсо
5-Апр. 2017, Шаршемби

Жаңы алган туфли көпчүлүк учурда буттарыбызды кысып, өйкөп салат. Көчөдө басып жүрүү кыйын боло баштаганда “Бут кийимиң тар болсо дүйнөнүн кеңдигинен эмне пайда?” деп ичтен айла жок күбүрөнөбүз. Ал эми туфлини кеңейтүүгө, бутту кыспагыдай кылуу үчүн эмне кылуу керек?

Бутту кыскан туфлини кандай учурда кеңейтүүгө болбойт алгач ушуга токтолсок:

-узундугу кичине;

-эки же андан көп өлчөмгө кичине келген;

-жээк тигиши тар;

-жасалма материалдан тигилген болсо кеңейтем деп убара тартпаңыз.

Туфли жаңы сатып алган кезде бутту кысып турса, сатуучу сизге бир аз кийгенден кийин кеңейе турганын айтат. Бирок алгач күндөрү тар бут кийимди кантип кийебиз? Ал үчүн сатып алган күнү үй ичинде калың байпак менен кийип басыңыз. Бир аз да болсо кеңейет жана буттарыңыз көнө баштайт. Алгач кийерден мурун ичин медициналык спирт менен сүртүп алууга да болот.

Ичине суу куюп, муздаткычтын ичине суу муз болгонго чейин коюп койгон ыкма мурунтан белгилүү.

Туфлинин согончок жагы катуу болсо аны акырын укалап же ургулап койсо да болот. Мындан сырткары бут кийимдин ички бетине кир самын сүйкөсө да кеңейет.

Газета да туфлини кеңейтүүгө жардам берет. Бир нече бөлүккө бөлүп, суу менен жибитиңиз. Туфлинин ичине салып коюп, фен менен үйлөтүп кургатыңыз.

Атайы каражаттарды колдонуп же өтүкчүлөргө кайрылуу менен да бул маселени чечүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!