Витамин Днын жетишпестиги иммунитетти төмөндөтүп, сасык тумоону күчөтөт.
Жайкы учурду биз көбүнэсе таза абада өткөрөбүз. Бизге белгилүү болгондой витамин Дны биз көбүнчө күндөн алабыз. Д витаминин канчалык көп алсак, сөөктөрүбүз бекем болуп, иммунитетибиз да жакшы болот
Эгерде организимиңиз бекем болуп, сасык тумоого каршы туруштук бере алсын десеңиз: Чоң адамдар күнүнө 10-15 мкг, жаш балдар 10 мкг витамин Д колдонуу керек. Мына ошондо гана сиз күзгү ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алган болосуз.
Эксперттердин изилдөөсү боюнча: Учурда дүйнө жүзундө 1 миллиард адамга витамин Д жетишпестиги байкалган. Россияда болсо 60% жаш балдарга Д витамини жетишпейт. Сиздер витамин Дны, балык, боор, май каймак, сүт, быштак жана жумуртканын сарысынан ала аласыздар. Доктурлардын кеңеши боюнча, алтымыштан ашкан адамдар жана боюнда бар аялдар бир жыл бою витамин Д ичүүсү кажет.