Бөлмө өсүмдүгүн күтүүдөгү банандын пайдасы

Бөлмө өсүмдүгүн күтүүдөгү банандын пайдасы
7-Сен. 2018, Жума, 10:58

Банандын курамында өсүмдүктөр өсүп жетилүүсүнө жардам бере турган, көчөттү жандандыруучу жана бөлмө өсүмдүктөрүнүн тамырын бекитүүчү көптөгөн пайдалуу заттар бар.

Банандын жумшагынан бөлмө өсүмдүктөрүнө арналган жер семирткич даярдоого болот. Ал үчүн 1 бананды жакшылап эзип, үстүнө жарым стакан суу куябыз. Эгер өсүмдүккө тез арада жардам керек болсо, аны тирилтүү үчүн ушул ыкма жакшы жардам берет. Бул жер семирткичти өсүмдүктүн топурагына куясыз.

Ошону менен бирге жер семирткичти даярдоонун дагы бир пайдалуу жолу бар. Ал банандын кабыгынан даярдалат. Банандын кабыгы арзан жана кол жетерлик. Идишке банан кабыгын салып, үстүнө суу куюп, 1 күн бою кармаш керек. Банан кабыгынан даярдалган жер семирткичтин бир бөлүгүн андан 5 эсе көп суу менен аралаштырып, бөлмө өүмдүктөрүн убактылуу сугарасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!