Газ плитадагы тактарды кантип кетирүүгө болот?

Газ плитадагы тактарды кантип кетирүүгө болот?
11-Апр. 2017, Шейшемби

Кээде газ жана электр плитасынын үстүндөгү тактарды кетирүү кыйынга айланат. Ушу жумушту жеңилдетүү үчүн атайы курамды пайдалансак болот. Керек болсо плитканы жуунун да кереги жок, болгону чүпүрөк менен бир сүртүп коюу гана жетиштүү. Ал үчүн жарты литрлик бөтөлкөгө 3 аш кашык сода, сиз колдонуп жургөн 0,5 кашык айна, 1 аш кашык суюк каражат (идиш жуучу гель), үстүнө 1 стакан жылуу суу кошуңуз. Артынан бөтөлкөнүн капкагын жаап, жакшылап чайкаңыз. Ушул аралашманы плитанын ачык жерлерине жагып, арадан 30 мүнөт өткөндөн кийин нымдуу чүпүрөк менен сүртүп коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!