Фольганы кайсы бетин колдонгон туура?

Фольганы кайсы бетин колдонгон туура?
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 10:00

Көптөгөн адамдар алюминий фольга кагазынын бир жагы жылтыр, бир жагы агыш түстө болот экенин билебиз. Анын кайсы бети оң же терс экенине эч ким башын катырып отурбайт. Ошондуктан бул кагазды тамак бышырганда, кайсы бетин колдонгон туура?

Бул суроого жооп берүүдөн мурун, анын жылтырак бети жылууну белгилүү бир даражада өткөрбөсүн, ал эми экинчи бети тескерисинче экенин айтып кетмекчибиз. Демек, фольганын кандай максатта кайсы бетин колдонууга болоорун аныктап алдык.

Эгер сиз тамакты узак убакыт жылуу кармоону кааласаңыз, жылтырак жагын ичине каратып жабыңыз, тескерисинче тамак муздасын десеңиз, жылтырак жагын сыртына каратып ороңуз. Фольгага кычкылдар себилсе реакция жүрөрүн эскертебиз. Демек, алюминий кагазына оролчу тамагыңызга лимон ширесин сеппеген оң. Антпесе, реакциянын кесепетинен алюминий организмге жыйналып, ден-соолугуңузга зыян келтирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!