Терезе жуугандын кандай ыкмалары бар?

Терезе жуугандын кандай ыкмалары бар?
25-Сен. 2018, Шейшемби, 14:02

Үй жыйнаган кезде эң кыйын жумуштардын бири – терезени тазалоо. Кээ бирибиздин боюбуз жетпей кыйналсак, башкаларыбыз эки бетин сүрткөндөн эринебиз. Канча сүртсөк да, так калып кала берген жагы да бар. Андай болсо сиздер үчүн терезени туура сүртүүнүн бир нече ыкмасын сунуштамакчыбыз:

- Терезенин ички бети бууланып же аяз катып калбаш үчүн глицерин спирт эритмеси менен сүртсө болот. Артынан фланель менен же болбосо замш кездеме менен сүртүңүз;

- Кирдеген терезени хлор менен сүртүп кетирсе болот. 1 литр сууга 50 грамм хлор жетиштүү;

- Мындан башка дагы терезени муздак сууга кошулган крахмал эритмеси менен сүртсө болот. Аны даярдоо үчүн 1 литр сууга 1 аш кашык кошуңуз;

- Уксусту сууга аралаштырып терезеде катып калган кир, чаңдан арыла аласыз;

- Мындан башка майдаланган бор менен жууңуз. Бир стакан сууга 2-3 аш кашык бор кошуп, аралаштырыңыз. Ушул кошулма менен жуугандан кийин кургаганын күтүңүз. Кургагандан кийин жумшак чүпүрөк менен сүртүңүз;

-Эгер терезеге өлгөн чымын же чиркейлер жабышып алган болсо, аны мындайча тазалаңыз: кесилген пияз менен, артынан чүпүрөк менен сүртүңүз;

- Терезенин рамалары жабышып, ачылбай жаткан болсо самын менен сүртүңүз;

- Терезенин рамаларын боёгон кезде айнегин булгап алууңуз мүмкүн. Ошондуктан бул ишти баштаардан мурун кагаз менен жабыштырып алыңыз;

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!