Бир тилди эң жакшы үйрөнө ала турган жаш курак белгилүү болду

Бир тилди эң жакшы үйрөнө ала турган жаш курак белгилүү болду
12-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 12:13

Окумуштуулар ар түрдүү улут менен жаштагы топторду компьютердик моделдештирүү аркылуу 670 миң адамдан жыйналган маалыматты талдап чыгышты. Мындан улам балдар менен жаш өспүрүмдөр чет тилдин грамматикасын жакшы өздөштүрүшөрү белгилүү болду.

Окумуштуулар түрдүү уллуттагы жана курактагы 670 миң адамды изилдеп көрүшкөн. Алардын эң жашы 10 жана эң улуусу 70 жашта.

Изилдөө көрсөткөндөй 18 жаштагылар чет тилин тез үйрөнүп кете алышканын көрсөттү. Бирок эне тилиндегидей колдонуу даражасына жетүү кыйын экени белгилүү болду.

Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) изилдөө тобунун курамына кирген пргофессор Джошуа Тененбаум:

“Чет тилин жакшы үйрөнүү 17-18 жашка толгон көпчүлүктү жана жаш өспүрүмдөрдү камтыйт. Андан кийин алар өз үйүнөн алыстап, жумуш иштей башташат, мүмкүн алар студент болушат. Бул факторлор тил үйрөнүү ылдамдыгына таасир бере баштайт”,-дейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!