Миллионерлердин жашырган 8 сыры

Миллионерлердин жашырган 8 сыры
19-Апр. 2017, Шаршемби

Миллиондогон акча кармап жүргөндөр да адамдар. Алардын да өз жашырган сырлары болот. Бирок аны жалпы журтка жарыя кылганды жактырышпайт. Бул ички мыйзамдарына каршы келген болуп калат. Ошондой болсо да изилдеп көрүп байлардын да жашырган сырлары болоорун аныктадык.

Сиз мени бай деп ойлойсузбу, андай эмес

Миллион доллар көп акча болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок миллионерлердин жыйырма пайызы мындай деп ойлошпойт. Бул көрсөткүч алар үчүн “кедей” деген менен барабар. Себеби бул акчанын жартысынан көбү салыкка, медицинага жана жашоо сүрүүсү үчүн кетет. Байлардын көбү жашоосундагы эң мыкты учурлардан да баш тарта алышат. Анткени ал үчүн жылына 300 миң АКШ доллары кетет.

Мен арзан баада соода жасаймын

Миллионерлердин көбү орточо деңгээлдеги өмүр сүрүү менен жашап келишет. Себеби алардын сексен пайызы азык-түлүктөр менен кийим-кечектерди арзан баада сатылчу дүкөндөрдөн же болбосо базарлардан алышат. Таң калбаңыз, бул чындык.

Мен мектепте жакшы окудум

Ата-энелердин мектепте жакшы билим алуу-илимдин ачкычы дегени туура. Бирок бул экономика тармагынын сейфи боло албайт. Байлардын ийгиликке жетүүсүнүн себеби жакшы окуу же жогорку билим алуу эмес, бышыктык, эмгекчилдик жана коом менен тыгыз байланышта болуу. Алар мектепте эч качан алдыңкы окуучулардан болушкан эмес.

Мен карыз аламын

Миллионердин да карыз алаарын билесизби? Алардын акчасынын эң негизги бөлүгү ушу карыз алуу аркылуу калыпташкан. Себеби байлардын байып кетүүсү үчүн эң алгачкы акча өзү карыз менен келген.

Сен бай болбойсуң, эгер жакшы адам болсоң

Миллионерлердин көбү өтө катуу тартипте жумуш алып барышат. Алар таш боор жана катуу мүнөз таанытып жүрүшөт.

Салыкта жолу болбой жаткандар үчүн

Байлар акча көп тапкан сайын анын да салык түрү көбөйүп отурат. Бирок миллионердин чет өлкөдө банктарда эсеп-чот ачуу аркылуу салык түрлөрүнөн кутулууга тырышышат.

Кымбат баалуу кооз унаабы? Жалдап алдым

Эң кымбат жана кооз унааны сатып алуунун кажети керекпи, эгер аны жалдап алууга болсо. Байлар эң кымбат унааларды сатып алышпайт. Жалдап алып, эс алууларга ошол унаа менен чыгышат. Досторунун жанында абройлуу болуп жүрүүнүн бирден-бир жолу.

Бакыт акчага байланыштуу

Миллионерлер үчүн бакыттын ачкычы –акча. Адам акчасы көп болгон сайын керектөөсү артат жана аны толуктап турат. Эгер каалаган дүнүйөнү ала алсаң ал бакыт эмеспи? Бул-байлардын өз арасындагы көз караштары.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!